# 163-берене. Адвокаттык бюро

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 147 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=1290061..1290062>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 163-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-163

---

1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттык бюро уюштурууга укуктуу.

Адвокаттык бюро коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.

2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, адвокаттык бюрону уюштурууга жана анын ишине байланыштуу пайда болгон мамилелерге карата ушул Мыйзамдын 162-беренесинин эрежелери колдонулат.

3. Адвокаттык бюронун аталышы "жана компаниясы", "жана өнөктөштөр" же болбосо "жана адвокаттар" деген сөздөрдү кошуу менен бир же бир нече адвокат-өнөктөштөрдүн аттарын камтууга тийиш. Адвокаттык бюродо катышуусун токтоткон адвокат-өнөктөштүн уруксаты менен анын атын адвокаттык бюронун аталышына пайдаланууга жол берилет.

4. Адвокаттык бюро уюштурган адвокаттар өз ара жазуу жүзүндө жөнөкөй өнөктөштүк келишимин түзөт жана адвокаттык бюрону каттоо үчүн аны юстиция органына бербейт. Өнөктөштүк келишими боюнча адвокат-өнөктөштөр бардык өнөктөштөрдүн атынан юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө милдеттенишет.

5. Өнөктөштүк келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү;

2) өнөктөштөр тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби;

3) башкаруучу өнөктөштү шайлоо тартиби, анын компетенциясы жана башка шарттар.

6. Эгерде өнөктөштүк келишиминде башкача белгиленбесе, адвокаттык бюронун жалпы ишин алып баруу башкаруучу өнөктөш тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишеним артуучу менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу алардын берген ишеним каттарынын негизинде бардык өнөктөштөрдүн атынан башкаруучу өнөктөш тарабынан түзүлөт. Ишеним каттарында ишеним артуучулар жана үчүнчү жактар менен макулдашууларды жана бүтүмдөрдү түзүүчү өнөктөштүн компетенциясын бардык чектөөлөр көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга маалымдалат.

7. Өнөктөштүк келишими төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:

1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;

2) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн бири болуп саналган адвокат статусунан ажыраганда, токтотулганда же токтотула турганда;

3) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн биринин талабы боюнча өнөктөштүк келишими бузулганда.

8. Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып анын катышуучулары ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга карата аткарылбаган жалпы милдеттенмелер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.

9. Өнөктөштөрдүн бири өнөктөштүк келишиминен чыкканда ал юридикалык жардам көрсөткөн бардык иштер боюнча өндүрүштү башкаруучу өнөктөшкө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

10. Өнөктөштүк келишимининен чыккан адвокат анын өнөктөштүк келишимине катышкан мезгилинде пайда болгон жалпы милдеттенмелер боюнча ишеним артуучулардын жана үчүнчү жактардын алдында жооп берет.

11. Адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттык бюро коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.

12. Өнөктөштүк келишими токтогондон кийин адвокаттар жаңы өнөктөштүк келишимин түзүүгө укуктуу. Мурдагы өнөктөштүк келишиминин колдонулушу токтогон күндөн тартып бир айдын ичинде жаңы өнөктөштүк келишими түзүлбөсө, анда адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлүүгө же болбосо жоюлууга жатат.

Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып жана адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурга же болбосо жаны өнөктөштүк келишими түзүлгөнгө чейин адвокаттар юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуксуз. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-164)
