Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
162-берене. Адвокаттар коллегиясы
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44
1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттар коллегиясын уюштурууга укуктуу.
2. Адвокаттар коллегиясы мүчөлүккө негизденген жана анын уюштуруучулары тарабынан бекитилүүчү уставдын (мындан ары - устав) жана алар тарабынан түзүлгөн уюштуруу келишиминин негизинде аракеттенүүчү коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.
3. Уюштуруу келишиминде өз мүлкүн адвокаттар коллегиясына берүүнүн шарттары, анын ишине катышуунун тартиби, жаңы мүчөлөрдү адвокаттар коллегиясына кабыл алуунун тартиби жана шарттары, адвокаттар коллегиясын уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) укуктары жана милдеттенмелери, уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) анын курамынан чыгуу тартиби жана шарттары аныкталат.
4. Устав төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу формасына көрсөтмөнү камтыган адвокаттар коллегиясынын аталышын;
2) адвокаттар коллегиясынын жайгашкан жерин;
3) адвокаттар коллегиясынын ишинин предметин жана максаттарын;
4) адвокаттар коллегиясынын мүлкүн түзгөн булактарды жана аны пайдалануунун багыттарын (анын ичинде бөлүнбөс фонддун болушу же болбошу жана аны пайдалануунун багыттарын);
5) адвокаттар коллегиясын башкаруу тартибин;
6) адвокаттар коллегиясынын филиалдары жөнүндө маалыматтарды;
7) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин;
8) адвокаттар коллегиясын кайра уюштуруу жана жоюу тартибин;
9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду.
5. Уюштуруу келишиминин жана уставдын талаптары адвокаттар коллегиясынын өзү жана уюштуруучулары (мүчөлөрү) үчүн аткарууга милдеттүү.
6. Адвокаттар коллегиясын уюштуруучулар аны уюштуруу, кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.
7. Адвокаттар коллегиясы аны юстиция органында мамлекеттик каттаган күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет. Адвокаттар коллегиясын мамлекеттик каттоо, ошондой эле анын ишин токтотуу жөнүндө жазууну юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, ошондой эле эгерде бул чет мамлекеттердин мыйзамдарында каралса, чет элдик мамлекеттердин аймактарында филиалдарды түзүүгө укуктуу.
Адвокаттар коллегиясы филиалдарды түзүү же жабуу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет. Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар тиешелүү филиалды түзгөн адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү болуп саналат. Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар жөнүндө маалыматтар адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
9. Адвокаттар коллегиясынын уюштуруучулары тарабынан салым катары киргизилген мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
10. Адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, адвокаттар коллегиясы өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу алар тарабынан алынган кирешелер боюнча алардын мүчөлөрү болуп саналган адвокаттардын салык агенти, ошондой эле ишеним артуучулар, үчүнчү жактар жана башка адвокаттар коллегиясынын уюштуруу документтеринде каралган башка маселелер боюнча алардын өкүлү болуп саналат.
12. Адвокаттар коллегиясында юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу адвокаттар менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.
13. Ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте адвокаттар коллегиясы адвокаттык бюрого кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттар коллегиясы коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.
14. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле адвокаттар коллегиясында жалгыз мүчөсү калган учурда жоюлат. Акыркысы адвокаттар коллегиясынын жалгыз мүчөсү болуп калган учурдан тартып үч айдын ичинде адвокаттык кабинеттин, адвокаттар коллегиясынын же адвокаттык бюронун уюштуруучусу (уюштуруучулары) болуп саналбаган башка адвокат (адвокаттар) менен бирдикте ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте аны адвокаттык бюрого кайра түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 147, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 147 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
28.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү юридикалык жактарды алынып салынды: мамлекеттик каттоо алынып салынды: жөнүндө мыйзамда кошулду: чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз … белгиленген тартипте аны адвокаттык бюрого кайра түзүүгө укуктуу.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № алынып салынды: 147 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 147, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-162" title="162-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>