16-берене. Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 147
1. Жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ишеним артуучулар) жана корголуучуга (адвокат жазык сот өндүрүшүнө коргоочу катары милдеттүү катышкан учурларда) алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн коргоо жана камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган адамдар тарабынан кесиптик негизде көрсөтүлө турган квалификациялуу юридикалык жардам Кыргыз Республикасында адвокаттык иш болуп саналат.
2. Адвокат адвокаттык ишти жеке адвокаттык кабинет формасында же болбосо адвокаттык уюм аркылуу адвокаттар коллегиясы же адвокаттык бюро формасында жүзөгө ашыра алат.
21. Адвокат ушул Мыйзамга ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун формасын өз алдынча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу. Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун тандаган формасы жөнүндө каттаган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага кабарлоого милдеттүү.
22. Юридикалык жактардын аталыштарында "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын пайдаланууга адвокаттарга жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн уюмдарга гана жол берилет.
3. Адвокаттар тарабынан адвокаттык иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу юридикалык жардам ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>