# 14-берене. Аймактык адвокатуранын башкармасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2026 [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897); 15.08.2023 [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 14-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-14

---

1. Аймактык адвокатуранын башкармасы аймактык адвокатуранын коллегиялуу органы болуп саналат жана адвокаттардын жалпы чогулушунда тиешелүү аймактын адвокаттарынын ичинен 5 адамдан ашпаган санда жашыруун добуш менен үч жылга түзүлөт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык кеңештин мүчөсү болуп шайлана албайт. Аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөсү Адвокатуранын башка органынын же Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло албайт.

2. Башкарманын төрагасы жана анын орун басары аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат

Башкарманын төрагасы аймактык адвокатуранын ишин учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Адвокаттар кеңешине жана адвокаттардын жалпы чогулушуна отчет берет.

3. Аймактык адвокатуранын башкармасынын компетенциясына адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирбеген, аймактык адвокатуранын жобосунда аныкталган баардык маселелерди чечүү кирет.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-15)
