# 13-берене. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=1290067..1290068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 13-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-13

---

1. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу (мындан ары - адвокаттардын жалпы чогулушу) аймактык адвокатураны башкаруунун органы болуп саналат.

2. Адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:

1) аймактык адвокатуранын төрагасын, анын орун басарын жана башкармасынын мүчөлөрүн шайлоо;

11) аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын дайындоого Адвокаттар кеңешине сунуштама;

2) аймактык адвокатуранын жобосу менен адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

3. Эгерде адвокаттардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн каттоо аяктаган учурда тиешелүү аймактык адвокатуранын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен көбү катталса, адвокаттардын жалпы чогулушу укук ченемдүү болот.

4. Адвокаттардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби тиешелүү аймактык адвокатуранын жобосу менен белгиленет.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-14)
