# 10-берене. Адвокаттардын окуу борбору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 10-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-10

---

1. Адвокатуранын алдында адвокаттарды, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдү кесиптик окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу үчүн түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналган Адвокаттардын окуу борбору иштейт.

2. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны (мындан ары - лицензия) биринчи жолу алган адвокат Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык бир жылдын ичинде алдын ала кесиптик окуудан өтүүгө милдеттүү.

3. Жогорку билими бар, юридикалык өкүл болууну каалаган жаран Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттөрдө Адвокаттардын окуу борборунда окуудан өтүүгө милдеттүү.

4. Адвокаттардын окуу борборунун ишинин жана аны каржылоонун тартиби Адвокаттар кеңешинин сунушу боюнча Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен аныкталат.

5. Окутуу программалары Адвокаттардын окуу борбору тарабынан иштелип чыгат жана Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-91)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-11)
