# КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5120/edition/858860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205354

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 14-июлу № 133 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205354/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 251-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда, алып келүү судьялардын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жазык ишин тергеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".

2. 259-статьянын 3-бөлүгүндө "айыптоочуга" деген сөз "жазык ишин тергеген органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 265-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ошол эле убакта сот (судья) тараптарды талап кылынган далилдерди берүүгө, ал эми жазык ишин тергеген органды келбей койгон адамдардын келишин камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө милдеттендирет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205354/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
