# КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5116/edition/1197055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205350

---

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 10-июлу № 129 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205350/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 21-беренеде:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер, бош орун түзүлгөн күндөн тартып, тиешелүү фракция тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде сунушталат."; 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Бардык фракциялардын макулдугу менен Төраганын бир нече орун басарларын шайлоо альтернативдик эмес негизде бирдиктүү тизме менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылат.".

2. 34-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Жашыруун добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте эсептөө комиссиясын шайлайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205350/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
