# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205349)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205349/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5115/edition/566701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205349/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (10.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205349/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 148-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын: "2-1-берене. Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын өзгөчө статусу менен байланышкан чектөөлөр Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигине кыймылсыз мүлк объекттеринин кандай болбосун түрлөрүн ээликтен ажыратуу менен байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205349/st-2)
