# 9-берене. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген өлчөө каражаттарын каттоо

- Документ: [Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410); 04.03.2020 [Закон КР от 4 марта 2020 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112021)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339#diff=1277815..1277816>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5105/edition/1277814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205339/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө, 9-берене (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-9

---

1. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттарынын тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү стандарттык үлгүлөрдүн тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш. Бирден нускада же 10 даанадан ашпаган чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттары жүгүртүүгө чыгарылганга чейин катталууга тийиш.

2. Чет мамлекеттерде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарына жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү улуттук органдары кошулган өз ара таануу жөнүндө башка уюмдардын макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнүн жана алардын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүүнүн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.

(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-10)
