# 5-берене. Чоңдуктар бирдиктери

- Документ: [Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5105/edition/1277814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205339/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө, 5-берене (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-5

---

1. Кыргыз Республикасында Мыйзамдык метрологиянын эл аралык уюму (ММЭУ) сунуштаган, Өлчөө жана салмак боюнча башкы конференция тарабынан кабыл алынган Эл аралык бирдиктер системасынын (ӨК) он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат.

2. Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктеринин аталыштары, белгилениши, жазуу жана колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасында Бирдиктердин эл аралык системасынын чоңдук бирдиктери менен бирдей системадан тышкаркы чоңдук бирдиктери колдонулат.

Системадан тышкаркы чоңдук бирдиктерин жазуу жана колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2022-жылдын 1-августундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-6)
