# 15-берене. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл

- Документ: [Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339#diff=1277815..1277816>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5105/edition/1277814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205339/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө, 15-берене (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-15

---

1. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик метрологиялык көзөмөл төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:

1) өлчөө каражаттарынын чыгарылышына, абалына жана колдонулушуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына;

2) соода операцияларын жүргүзүүдө ажыратылган товарлардын массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын анык маанисин жана анын сатылган санына шайкеш келишин аныктоо максатында бул товарлардын санына;

3) таңгакты ачуусуз же бузуусуз эле анын ичиндеги өзгөрүү мүмкүн болбогон учурларда таңгактоодо, сатууда, импорттоодо ар кандай түрдөгү таңгактарда таңгакталган товарлардын санына, ал эми таңгакта камтылган товардын санынын көрсөтүлгөн массасы, көлөмү, узундугу, аянты же башка чоңдуктары таңгакта белгиленет.

2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-14)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-151)
