# 14-берене. Өлчөө каражаттарын калибрлөө

- Документ: [Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5105/edition/1277814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205339/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө, 14-берене (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-14

---

1. Техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө метрологиялык байкоо жүргүзүүчүлүктү камсыз кылуу үчүн өлчөө каражаттарын калибрлөө жүргүзүлөт.

2. Өлчөө каражаттарын калибрлөөнү метрология боюнча улуттук органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын аккредиттелген калибрлөөчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.

3. Өлчөө каражаттарын калибрлөө ӨК Эл аралык бирдиктер системасына байкоо жүргүзүлүүчү чоңдук бирдиктеринин эталондорун пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондору же башка мамлекеттердин эталондору аркылуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-15)
