# 12-берене. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарынын сыноосун жана (же) стандарттык үлгүлөрдүн аттестациясын өткөрүү

- Документ: [Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410); 04.03.2020 [Закон КР от 4 марта 2020 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112021)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339#diff=1277815..1277816>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5105/edition/1277814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205339/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө, 12-берене (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-12

---

1. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноону метрология боюнча улуттук орган жана анын аймактык бөлүмдөрү өткөрөт.

2. Метрология боюнча улуттук органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө өлчөөнүн айрым түрлөрү боюнча тиешелүү эталондор жок болгондо, өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү укугун юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берүүгө жол берилет.

3. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноолорду өткөрүү жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүүнүн жана алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен жөнгө салынат.

(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-13)
