# 10-берене. Өлчөө каражаттарын текшерүү

- Документ: [Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112410); 04.03.2020 [Закон КР от 4 марта 2020 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112021)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339#diff=1277815..1277816>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5105/edition/1277814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205339/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө, 10-берене (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-10

---

1. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары алгачкы, мезгилдүү текшерилүүгө жана зарыл болгондо кезексиз текшерүүлөргө жатат.

2. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.

Текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары аккредитацияланган болууга тийиш. Тиешелүү жаатта өлчөө каражаттарын калибрлөөгө аккредитациясы бар метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораторияларын аккредитациялоо талап кылынбайт. Метрология боюнча улуттук органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө тиешелүү эталондор жок болгондо, өлчөө каражаттарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар жүзөгө ашырат.

3. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адистер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө жатат.

4. Текшерүү жүргүзүү, текшерүүнүн энтамгасын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби, текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.

(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23 Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жогорудагы абзац 2023-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205339/st-11)
