28-статья. Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруунун жана жокко чыгаруунун негиздери жана тартиби
Күчүн жоготкон · 29.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89.
1. Лицензияны колдонулушун токтото туруунун негиздери жана тартиби:
- камсыздандыруу ишинин лицензияда каралбаган түрчөлөрүн жүргүзүү;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача уруксат берилбесе, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген камсыздандыруу тарифтерин төмөндөтүү же жогорулатуу;
- камсыздандыруу (техникалык) резервдерин түзүүгө жана пайдаланууга (жайгаштырууга) байланыштуу тартип бузуулар;
- камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучуларга камсыздандыруу суммаларын төлөө боюнча милдеттерин негизсиз аткарбоосу;
- эскертүү алынган жана айып салынган себептерди белгиленген мөөнөттөрдө четтетпөө;
- камсыздандыруучунун лицензияларды берүү үчүн негиз болгон документтерде анык эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды берүүсүнүн, ошондой эле уюштуруучу документтерге киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды өз мөөнөтүндө бербөөсүнүн фактыларын белгилөө.
2. Лицензияны жокко чыгаруунун негиздери жана тартиби:
- лицензиянын колдонулушун токтото туруу боюнча себептер белгиленген мөөнөттө четтетилбесе;
- камсыздандыруу уюму тарабынан каржылык абалын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлбөсө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштер жүзөгө ашырылса;
- лицензия лицензиардын арызы боюнча соттун чечими менен гана жокко чыгарылат.".
21. 29-статьяда:
1-пунктунда ''Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу opганына" деген сөздөр "камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын.
22. 30 жана 31-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-статья. Камсыздандыруу сыры жана камсыздандыруучунун коммерциялык сыры Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, аларга кызмат абалына жараша белгилүү болуп калган камсыздандыруучунун коммерциялык сырын түзгөн маалыматты, камсыздандыруучуга жана анын кардарларына тиешелүү башка маалыматты ачыкка чыгарууга укуксуз.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205338/st-28" title="28-статья - Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>