Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 29.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"камсыздандыруу эрежелери - камсыздандыруунун белгилүү бир түрү боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктаган камсыздандыруу уюмунун документи; лицензиялык ишти түзгөн камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги - камсыздандыруу уюму тарабынан иштелип чыгуучу жана камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу камсыздандырылуучуга берилүүчү камсыздандыруу продуктусу.".
2. 5-статьянын 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынан бөлөк" деген сөздөр алып салынсын.
3. 6-статьянын 4-пунктунда "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын.
4. 7-статьяда:
1-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын; 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү камсыздандыруу уюмдарынын уставдык капиталын түзүү жана көбөйтүү жана эң төмөнкү капиталды кармап туруу, колдонуудагы камсыздандыруу келишимдери боюнча алар камсыздандырган тобокелдиктердин чоңдугуна жараша ликвиддик активдердин болушунун маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат.''.
5. 8-статьяда:
"Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына" деген сөздөр "камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Камсыздандыруу'' деген сөз "2. Камсыздандыруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 9-статьянын 5-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 10-статьянын 2-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын.
8. 11-статьяда:
3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган камсыздандыруу уюмдарынын эсебин алуу максатында реестр жүргүзүлөт. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Камсыздандыруунун ар бир түрүнө өзүнчө лицензия берилет. Камсыздандыруучулар жана кайрадан камсыздандыруучулар лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруу түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу. Камсыздандыруунун ар бир өзүнчө түрчөсү боюнча камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет, ал камсыздандыруунун түрчөлөрүнүн лицензияга тиркелген тизмегинде көрсөтүлөт. Камсыздандыруунун түрчөлөрүнүн тизмеги лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.";
9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9. Юридикалык жактардын лицензияларды берүү жөнүндө арыздары ушул Мыйзамдын 12-статьясында каралган документтерди алган учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
10. Уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө камсыздандыруучу бул өзгөртүүлөр катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен, жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.".
9. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Камсыздандыруунун түрлөрү жана түрчөлөрү
1. Камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салууну жана лицензиялоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн камсыздандыруу иши түрлөргө жана түрчөлөргө бөлүнөт. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу иши төмөнкүдөй түрлөр боюнча жүзөгө ашырылат:
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, өмүрдү ыктыярдуу топтолуучу камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ыктыярдуу жекече камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;
- камсыздандыруучу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга киргендер.
2. Ар бир түр камсыздандыруунун түрчөлөрүнө бөлүнөт. Келишим түзүүнүн шарттары камсыздандыруу уюму тарабынан бекитилүүчү жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылуучу камсыздандыруу эрежелеринде аныкталат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруунун тиешелүү түрлөрүн көрсөтүү менен, өзүндө лицензия болгон шартта, камсыздандыруунун эки же андан ашык түрчөлөрүнүн белгилерин жана мазмунун айкалыштырган камсыздандыруунун жаңы түрчөлөрүн иштеп чыгууга укуктуу.
4. Лицензиянын колдонулушу жайылтылган камсыздандыруу түрлөрү боюнча классификация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
10. 12-статьяда:
3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн документтерге кошумча катары, катышуусу менен түзүлгөн камсыздандыруу уюмунан төмөнкүлөрдү талап кылат:"; 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
1. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү жөнүндө арыз берүүчүгө төмөнкү себептердин кайсынысы боюнча болбосун баш тартууга укуктуу:
- ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында чагылдырылган камсыздандыруу түрлөрүн жүзөгө ашырууга камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу эмес субъекттердин категориясы үчүн мыйзамдарда каралган тыюу салуу болсо;
- ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында чагылдырылган камсыздандыруу түрлөрү менен алектенүүгө арыз берүүчүгө соттун тыюу салган чечими болсо;
- арыз берүүчү тарабынан анык эмес же толук эмес маалымат берилсе;
- эгерде арыз берүүчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөбөсө.
2. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө арыз берүүчүгө кабарлоо, себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.".
12. 16-статьянын 1-пунктунун алтынчы абзацында "камсыздандыруу көзөмөл органынын" деген сөздөр "камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 18-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн ченемдерди эсептөө усулу, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
14. 19-статьянын 2-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
15. 20-статьянын 3-пунктунда ''камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу opганы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. 22-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруу уюмдары жыл сайын баланстык отчет жана киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген форма жана мөөнөттөр боюнча камсыздандыруу иши чaгылдырылган оперативдүү жана башка статистикалык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү.".
17. 23-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. 24-статьяда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
19. 25-статьянын 2-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
20. 26-28-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу ишине мамлекеттик көзөмөл
1. Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишине мамлекеттик көзөмөл жана камсыздандыруу ишинин маселелерин жөнгө салуу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
3. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
а) камсыздандыруучулардан камсыздандыруу иши жөнүндө белгиленген отчеттуулукту, алардын каржылык абалы жөнүндө маалыматты алууга;
б) камсыздандыруучулардын Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын сактоосун жана алар берген отчеттуулуктун аныктыгын текшерүүнү жүргүзүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу уюмдарынын ишин инспекциялоону жүргүзүүгө;
г) камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуулар табылганда, аларды четтетүү боюнча камсыздандыруучуларга жазуу жүзүндө жазма буйруктарды берүүгө, ал эми жазма буйруктар аткарылбаган учурларда - табылган тартип бузуулар четтетилгенге чейин бул камсыздандыруучүлардын лицензияларынын колдонулушун токтото турууга;
д) төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда, банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу уюмду жоюу процессине катышууга.
4. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жөнгө салууга укуксуз:
а) милдеттүү камсыздандырууну кошпогондо, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн;
б) милдеттүү камсыздандырууну кошпогондо, камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрүн.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205338/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>