# КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 115 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 115 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5102/edition/562852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 115 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (07.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205336

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 7-июлу № 115 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205336/st-1)

"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 36-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Калк жашаган пункттардын бекитилген генералдык пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана алардын кызматтык имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана алардын координаттарын чагылдыруусуз, калк жашаган пункттарды куруунун схемалары түрүндө жайгаштырылуусу тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205336/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
