# КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5099/edition/562366/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына (07.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205333

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 7-июлу № 112 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205333/st-1)

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 8-беренеде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын карамагындагы маселелер боюнча ыйгарууга укуктуу. Ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу ченем жаратуучу орган тарабынан ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгарууга жол берилбейт."; 4-бөлүгүндө "ченемдик укуктук актыга" деген сөздөр "ченем жаратуучу органдын актысына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 28-берененин 1-бөлүгү "Ченемдик укуктук актылар" деген сөздөрдөн кийин "расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 33-беренеде:

берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "33-берене. Боштуктарды жана коллизияларды жоюу"; беренедеги "боштуктар" жана "боштуктарды" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жана коллизиялар", "жана коллизияларды" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 34-берененин 1-бөлүгүндө "ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар субъекттер" деген сөздөр "аларды кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205333/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
