Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамына
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 7-июлу № 112 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын карамагындагы маселелер боюнча ыйгарууга укуктуу. Ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу ченем жаратуучу орган тарабынан ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгарууга жол берилбейт."; 4-бөлүгүндө "ченемдик укуктук актыга" деген сөздөр "ченем жаратуучу органдын актысына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 28-берененин 1-бөлүгү "Ченемдик укуктук актылар" деген сөздөрдөн кийин "расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 33-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "33-берене. Боштуктарды жана коллизияларды жоюу"; беренедеги "боштуктар" жана "боштуктарды" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жана коллизиялар", "жана коллизияларды" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 34-берененин 1-бөлүгүндө "ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар субъекттер" деген сөздөр "аларды кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 09.01.2018 · № 11 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241