# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205332/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5098/edition/1234089/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205332/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205332/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1142-1145-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1142-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун биринчи кезеги

1. Мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асыралып алгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет.

2. Мурас калтыруучунун неберелери өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.

---

Кийинки берене: [1143-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205332/st-1143)
