# 546-8-статья. Маалыматтардын электрондук базасындагы маалыматтарды сактоо мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5097/edition/561256/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 546-8-статья (03.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-8

---

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу opган тарабынан киргизилген маалыматтар маалыматтардын электрондук базасында беш жылдан ашпаган мөөнөткө сакталат.".

40. 547-1-статьянын 1-пунктүнүн 3-пунктчасында "жалпыга маалымдоо каражаттарындагы" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде интернеттеги)" деген сөздөр менен толукталсын.

41. 553-статьянын 3-бөлүгүндө "техникалык каражаттардын жана шаймандардын маалыматтары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле фото- жана видеожазуу функциялары (видеокамералар, видеокаттоолор, уюлдук түзүлүштөрдүн жана шаймандардын видеокамералары) бар техникалык каражаттар менен тартылган-жазылган маалыматтар" деген сөздөр менен толукталсын.

42. 553-3-статьяда:

2-пунктунда ", укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же" деген сөздөр ", бул" деген сөз менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) көрсөтүлгөн адам тарабынан жасалган укук бузуу үчүн төлөнгөн администрациялык айыптын суммасын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде иш жүзүндөгү укук бузуучудан өндүрө алат.".

43. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрү (228-статья, 230-статьянын үчүнчү бөлүгү, 234-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статьянын биринчи-сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрү, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241-статьянын үчүнчү бөлүгү, 242-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 243-статьянын үчүнчү бөлүгү, 248-статья);".

44. 561-статьянын 2-бөлүгүндө "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

45. 568-статьянын 1-бөлүгүндө "241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө" деген сөздөр "241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

46. 585-статьянын 2-пунктунда "бир айдан" деген сөздөр "он күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

47. 592-статьянын 1-бөлүгүндө "241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө" деген сөздөр "241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

48. 593-статьяда "бир айдын" деген сөздөр "он күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

49. 599-статьяда "жыйырма күндүк" деген сөздөр "он күндүк'' деген сөздөргө алмаштырылсын.

50. 614-статьянын 4-пунктунда "республикалык бюджетке чегерилет" деген сөздөрдөн кийин ", ушул акча каражаттарынын 25 пайызы жол кыймылынын коопсуздугу органдарын материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздук органдарынын кызматкерлерине дем берүү үчүн пайдаланылат''.

51. VI бөлүмдүн 3-бөлүгү "он сегиз жашка толо электерге," деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [546-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-7)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-2)
