# 546-6-статья. Маалыматтардын электрондук базасына жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5097/edition/561256/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 546-6-статья (03.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-6

---

Маалыматтардын электрондук базасы администрациялык жаза салууга ыйгарым укуктуу адамдарга карап көрүү жана жазуу (мурда толтурулган маалыматтардагы өзгөртүүлөрдү, маалыматтарды алып салууну кошпогондо) режиминде жеткиликтүү болууга тийиш. Администрациялык жаза салынган жарандар, кызмат адамдары жана юридикалык жактар администрациялык жазалардын аткарылышынын жоюлгандыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү маалыматтардын электрондук базаларынан алууга укуктуу. Маалыматтардын электрондук базасындагы маалыматтар үчүнчү адамдарга берилбөөгө тийиш. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган маалыматтардын электрондук базасынын негизинде өткөн календардык жылы жасалган укук бузуулардын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматтарды статистика opгандарына берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [546-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-5)  
Кийинки берене: [546-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-7)
