# 546-5-статья. Администрациялык жазалар салынган маалыматтардын электрондук базасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5097/edition/561256/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 546-5-статья (03.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-5

---

Салынган администрациялык жазаларды жана администрациялык укук бузган адамдар жөнүндө маалыматтардын эсебин алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар чыгарылган эскертүүлөрдү кошпогондо, салынган администрациялык жазалардын маалыматтарынын (мындан ары - маалыматтардын электрондук базасы) электрондук базасын жүргүзүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасында төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- укук бузган адам жөнүндө (фамилиясы, aты, атасынын аты, туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери);

- салынган администрациялык жазанын түpү;

- жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзү (түрү) жана датасы;

- салынган администрациялык жазанын аткарылышы жөнүндө статус;

- администрациялык токтомдун номери жана датасы.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган жасалган укук бузуулардын мүнөзүн эсепке алуу үчүн маалыматтардын электрондук базасын зарыл болгон башка маалыматтар менен да толуктоого укуктуу. Маалыматтардын электрондук базаларын уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-1)  
Кийинки берене: [546-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205331/st-546-6)
