2-берене
Күчүндө · 03.07.2014 редакциясы
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 16-статьянын 1 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын:
"24-1-cтатья. Катталган транспорт каражаттарынын маалыматтар базасы
1. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган транспорт каражаттарын маалыматтардын электрондук базасына киргизүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган укук коргоо органдарынын, салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин жана башка кызмат адамдарынын маалыматтардын электрондук базасына оперативдүү жеткиликтүүлүгүн уюштурууга милдеттүү.".
3. 26-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-статья менен толукталсын:
"26-1-статья. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөткөн уюмдарга (автомектептерге) коюлуучу талаптар
1. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөткөн уюм (автомектеп) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- айдоонун теориясына жана практикасына үйрөткөн уюмдун кызматкерлери (инструкторлору) айдоонун үч жылдан кем эмес стажына ээ болууга;
- айдоонун көндүмдөрүнө үйрөтүүнү жүзөгө ашыра турган (менчик же ижаралык негиздеги) автомобиль транспортунун болушуна;
- айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги компьютердик техникасынын болушуна;
- окуу үчүн жеке же ижарага алынган имараттын, ошондой эле автоаянтчасынын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна.
2. Автомектеп Жол кыймылынын эрежелерине үйрөткөн билимдердин баалары чагылдырылган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Ушул журналдан көчүрмө транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.".
5. 27-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык, психикалык ден соолугун аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөн жана ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган адамдарга берилет."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "3-1. Транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамен тапшырууда талапкер айдоого үйрөнүүдө алган транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүгө милдеттүү. Айдоонун практикалык көндүмдөрүн ырастоо автомобиль транспортуна орнотулган видеокаттоолор менен жүзөгө ашырылган видеотартуулар же болбосо видеожазууларды жүзөгө ашыруучу башка түзүлүштөр менен белгиленет.".
Берененин тексти 03.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205331/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>