# 107-2-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205330)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 2-июлундагы № 109 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205330/st-107-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5096/edition/719425/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 107-2-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205330/st-107-2

---

1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу долбоорлоо, куруу стадияларында, объекттерди эксплуатациялоодо жана өрт фактыларын изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

Мында объекттердин долбоорлоо документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте макулдашууга жатат.

2. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- курулушка жер участогун бөлүп берүү, курулуш объекттерин долбоорлоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу, реконструкциялоо стадиясында, ошондой эле капиталдык оңдоодо, техникалык кайра жабдууда жана коргоо объектинин функционалдык арналышы өзгөртүлгөндө;

- өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн автоматтык системасын, адамдарга өрт жөнүндө кабар берүүнүн автоматтык системасын, түтүндөн коргоо автоматтык системасын долбоорлоо, монтаждоо жана эксплуатациялоого кабыл алуу стадиясында. Мында өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн автоматтык системалары "101" кызматына кошулуусу тийиш.

Өрткө каршы мамлекеттик алдын алууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205330/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205330/st-2)
