1-берене
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1045-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 106-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу;".
2. 107-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"107-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик өрт көзөмөлү
1. Коргоо объекттерин эксплуатациялоо мамлекеттик өрт көзөмөлүнө алынууга жатат.
2. Эксплуатациялоо, техникалык тейлөө стадияларында мамлекеттик өрт көзөмөлү өрткө каршы коргоо системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүргүзүү, ошондой эле өрт коопсуздугуна жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келгендиги жөнүндө корутундуда баяндалган чараларды аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 107-1 жана 107-2-беренелер менен толукталсын:
"107-1-берене. Өрт коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн төмөнкүлөр жоопкерчилик тартышат:
- долбоорлоодо - объектини түздөн-түз долбоорлогон адамдар жана долбоорлоо уюму;
- долбоорлоо документтерине мамлекеттик өрт экспертизасын жүргүзүүдө -экспертиза жүргүзгөн адам, экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик орган жана анын адамдары;
- курууда - архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу курулуш уюму, мамлекеттик органдар жана бул көзөмөлдү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адамдар;
- эксплуатациялоодо - объектини эксплуатациялоочу адамдар, мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган жана бул көзөмөлдү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адам.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 26.07.2011 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205330/st-1" title="1-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>