# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205321)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-июнундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205321/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5087/edition/856560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205321/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 2-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205321/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 86-статьянын 4-пункту "мүлк" деген сөздөн кийин "же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 109-статьянын 2-пунктундагы "мүлктү коюу менен" деген сөздөр "мүлктү же анын бөлүгүн балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 114-статьяда:

"ырасталган макулдашуунун" деген сөздөрдөн кийин ", алимент төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Жашы жетпеген балдарга төлөөдө алимент төлөөчү адамдын арызынын негизинде алименттерди кармап калуу, эгерде мындай арыздын жана аткаруучу документтин негизинде кармап калуунун жалпы суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеп тапканынын жана (же) башка кирешесинин элүү пайызынан ашкан учурда алиментти кармоо жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок жетимиш пайыздан ашык эмес.".

4. 119-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Ата-энеси ата-энелик милдетти аткара албай калган учурдагы оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

5. 120-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "ондон" деген сөз "экиден" деген сөз менен алмаштырылсын.

6. 123-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары туруктуу жашоого чыгып кетип жаткан адамдардын алименттик милдеттенмелерин аткаруусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленилет.

4. Эгерде соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, ага ылайык ата-энелердин биринен алимент алынса, ал Кыргыз Республикасы укуктук жактан жардам жөнүндө эл аралык келишим түзбөгөн мамлекетке туруктуу жашоо үчүн чыгып кетип жатса, анда соттун чечими боюнча ал Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенге чейин баланын жашы жеткенге чейинки мезгил үчүн алимент төлөтүлүп алынат.".

7. 125-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Балага алименттик милдеттенме кыймылсыз мүлккө (турак үйгө, квартирага, жер участогуна ж.б.у.с.) же анын бөлүгүнө менчик укугуна ээ болгонуна байланыштуу токтотулушу мүмкүн. Жашы жетпеген баланын өзү кыймылсыз мүлккө же анын бир бөлүгүнө менчик укугун алуучу болуп саналат же бала жана бала жашаган атасы же энеси ошол мүлктүн жалпы үлүштүк менчик укугуна ээ болот. Алименттик милдеттенмелер боюнча алынган мүлк өндүрүп алууга коюлууга жатпайт. Жашы жетпеген бала алган мүлк жашы жеткенге чейин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн уруксаты менен гана ажыратылышы мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205321/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205321/st-3)
