# КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5082/edition/1103138/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205316

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 137 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 26-июну № 95 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205316/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:

"6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор:

7) судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкандар жана анын жыйынтыктары боюнча Кеңеш тарабынан сунушталбагандар же болбосо Президент тарабынан кайтарылып берилгендер, же болбосо Жогорку Кеңеш тарабынан шайланбагандар;

8) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.".

2. 7-беренеде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-21-пункттар менен толукталсын: "19) Кеңештин курамына талапкерлерге ушул Мыйзам менен коюлуучу талаптарга ылайык келбөө фактысы белгиленгенде;

20) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызмат өтөө жана алардын кадрларынын тескөөсүндө болуу фактысы белгиленгенде;

21) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын дискредитациялагандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандыгынын фактысы белгиленгенде.";

3-бөлүгүндө "3-18" деген сандар "3-21" деген сандарга алмаштырылсын.

3. 17-берененин 2-7-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 19-беренеде:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат."; 3-6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205316/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам күчүнө кирери менен Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш өзүнүн актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
