# КР 2014-жылдын 30-майындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5070/edition/1003020/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205304

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 30-майы № 83 Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205304/st-1)

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 12-статьянын 7-бөлүгүндө "мамлекеттик кызматчылардын андан жогорку квалификациялык даражасына, класстык чендерине, атайын же аскердик наамдарына" деген сөздөр "андан жогорку атайын же аскердик наамга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 18-статьянын 3-бөлүгүндө ", ал эми катардагы курамдын жана кенже башкаруучу курамдын айрым кызматтарына дайындоо жана бошотуу бажы органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат" деген сөздөр алып салынсын.

3. 34-статьянын 1-бөлүгүндө жана 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эмгек жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын.

4. 35-статьянын 2-бөлүгүндө "Эмгек кодексине" деген сөздөр "мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 48-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пункттар менен толукталсын:

"13) эгерде бул документтер же маалыматтар бажы органдарына кызматка кирүүсүнө тоскоол болуучу негиз болуп саналса, бажы органдарына кызматка кирүүдө кызматкердин жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берүүсү;

14) эгерде анын тартиптик жаза марасы болсо. кызматкердин кызматтык милдеттерди жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбоосу;

15) мамлекеттик кызмат жөнүндө жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген учурларда.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205304/st-2)

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205304/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
