# 2014-жылдын 24-майындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: 2014-жылдын 24-майындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5069/edition/1095183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2014-жылдын 24-майындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205303

---

КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 24-майы № 75 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205303/st-1)

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 25-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн максатында коомдук кеңештер түзүлүшү мүмкүн. Коомдук кеңештин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.”.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205303/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
