# 7-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери

- Документ: [Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205301)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 105 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О попечительском совете"](https://aqlex.ai/kg/doc/112124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301#diff=1250969..1250970>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5067/edition/1250969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205301/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө, 7-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-7

---

1. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) социалдык чөйрөдөгү мекемеде өткөрүлүүчү чогулуштарга жана жыйналыштарга байкоочулардын статусунда катышууга;

2) Кеңеш, жергиликтүү кеңеш жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн комиссиялардын, жумушчу топтордун иштерине катышууга;

3) Кеңештин төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну демилгелөөгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана социалдык чөйрөдөгү мекеменин уставында каралган башка укуктарга.

2. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кеңештин жыйналыштарына келүүгө;

2) Кеңештин мүчөсүнүн жүрүм-турум этикасын сактоого;

3) Кеңештин чечимдерин аткарууга;

4) мыйзамдарда жана социалдык чөйрөдөгү мекеменин уставында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

3. Кеңештин мүчөлөрү өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жарандардын кызыкчылыктарында аракеттенүүгө тийиш.

4. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн аракеттери (аракетсиздиктери) менен келтирилген зыян үчүн социалдык чөйрөдөгү мекеменин алдында жоопкерчилик тартышат. Мында Кеңештин зыянга алып келген чечимге каршы добуш берген же добуш берүүгө катышпаган мүчөлөрү жоопкерчилик тартышпайт.

5. Кеңештин мүчөлөрү ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-8)
