Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 августа 2020 года № 105
1. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемеде өткөрүлүүчү чогулуштарга жана жыйналыштарга байкоочулардын статусунда катышууга;
2) Кеңеш, жергиликтүү кеңеш жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн комиссиялардын, жумушчу топтордун иштерине катышууга;
3) Кеңештин төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну демилгелөөгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана социалдык чөйрөдөгү мекеменин уставында каралган башка укуктарга.
2. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин жыйналыштарына келүүгө;
2) Кеңештин мүчөсүнүн жүрүм-турум этикасын сактоого;
3) Кеңештин чечимдерин аткарууга;
4) мыйзамдарда жана социалдык чөйрөдөгү мекеменин уставында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
3. Кеңештин мүчөлөрү өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жарандардын кызыкчылыктарында аракеттенүүгө тийиш.
4. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн аракеттери (аракетсиздиктери) менен келтирилген зыян үчүн социалдык чөйрөдөгү мекеменин алдында жоопкерчилик тартышат. Мында Кеңештин зыянга алып келген чечимге каршы добуш берген же добуш берүүгө катышпаган мүчөлөрү жоопкерчилик тартышпайт.
5. Кеңештин мүчөлөрү ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 августа 2020 года № 105 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О попечительском совете"Редакцияларды салыштыруу
01.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүчөлөрү өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда алынып салынды: социалдык кошулду: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жарандардын кызыкчылыктарында … мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
кошулду: (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205301/st-7" title="7-берене - Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>