# 4-берене. Кеңештин максаты жана милдеттери

- Документ: [Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205301)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 105 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О попечительском совете"](https://aqlex.ai/kg/doc/112124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301#diff=1250969..1250970>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5067/edition/1250969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205301/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө, 4-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-4

---

1. Кеңештин максаты кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн, тамак-аш азыктарынын жана дары-дармектердин сапатын, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишинин айкындыгын, ошондой эле бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

2. Төмөнкүлөр Кеңештин милдеттери болуп саналат:

1) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;

2) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүсүнө көмөктөшүү;

3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коомдук уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;

4) социалдык чөйрөдөгү мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартуу.

(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-5)
