# 3-берене. Кеңеш жөнүндө негизги жоболор

- Документ: [Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205301)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301#diff=1250970..1250971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5067/edition/1250969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205301/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө, 3-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мекемелерди кошпогондо, социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү милдеттүү болуп саналат.

Кеңеш башкаруу органынын иш-милдеттерин ушул Мыйзамда белгиленген компетенциянын алкагында жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндө иштеген башка уюмдардын менчик ээлери ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте кеңештерди түзүүгө укуктуу.

3. Социалдык чөйрөнүн бир мекемесинде бир Кеңеш аракеттенет.

4. Кеңеш өз ишин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнүн анын ишине ыктыярдуу жана акысыз катышуу принциптеринде туруктуу негизде жүзөгө ашырат.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-4)
