# 14-берене. Кеңештердин мүчөлөрүнүн коомдук бирикмеси

- Документ: [Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205301)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5067/edition/1250969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205301/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө, 14-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-14

---

1. Өз ишин координациялоо үчүн кеңештер кеңештердин мүчөлөрүнүн коомдук бирикмесине (мындан ары - Бирикме) ыктыярдуу башталышта биригүүгө укуктуу.

2. Бирикме юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте түзүлөт.

3. Бирикме төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

1) Кеңеш үчүн кадрларды даярдоого көмөктөшүүнү;

2) кеңештердин милдеттерин жана максаттарын жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоону;

3) Кеңештин мүчөлөрү жана башка адамдар үчүн укуктук жана башка темаларда дареметти жогорулатуу боюнча коммуникативдик, маалыматтык, консультативдик иш-чараларды өткөрүүнү;

4) Кеңешке усулдук жардамдарды көрсөтүүнү;

5) көзөмөлчүлөрдү сыйлоонун ар кандай түрлөрүнө көрсөтүүнү;

6) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде Кеңеш түзүүгө көмөктөшүүнү;

7) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана Бирикменин уставында караоган башка иш-милдеттерди.

4. Өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн Бирикме мыйзамга карама-каршы келбеген каржылоо булактарын тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-15)
