# 10-берене. Кеңештин ишин финансылык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205301)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575); 01.08.2020 [Закон КР от 1 августа 2020 года № 105 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О попечительском совете"](https://aqlex.ai/kg/doc/112124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301#diff=1250970..1250971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5067/edition/1250969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205301/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө, 10-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-10

---

1. Кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан гуманитардык жардамды, финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу. Аларды кабып алуу, эсебин жүргүзүү жана бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Кеңеш тарабынан тартылган акчалай каражаттарды топтоштуруу үчүн социалдык чөйрөдөгү мекеме жетекчиси банкта мекеменин топтоомо эсебин ачат. Кеңеш тарабынан тартылган акча каражаттарын топтоо жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Акчалай каражаттары эсептен Кеңештин чечиминин негизинде, анда көрсөтүлгөн дайындуу максаттарга гана алынышы мүмкүн.

4. Кеңеш акчалай каражаттарды өз ишин уюштурууга, бирок түшкөн сумманын 2 пайызынан көп эмесин пайдаланууга укуктуу.

5. Кеңеш жыл аягында өз иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында отчет жарыялайт.

(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-11)
