# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205301)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575); 01.08.2020 [Закон КР от 1 августа 2020 года № 105 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О попечительском совете"](https://aqlex.ai/kg/doc/112124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301#diff=1250970..1250971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5067/edition/1250969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205301/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө, 1-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-1

---

Көзөмөлчүлүк кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - юридикалык жак статусуна ээ болбогон, конкреттүү мекемеде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар болгондордун бардыгын ыктыярдуу негизде бириктирген мамлекеттик эмес, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес коомдук уюм. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы. Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик же муниципалдык мекемелер - ишинин негизги түрү билим берүү, маданият, социалдык коргоо, жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү болуп саналган мекемелер. Гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамга калктын жашоо жана турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө акысыз берилүүчү активдер. Жарандык коомдун уюмдары - коомдун кызыкчылыктарында руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү ишке ашыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, пайда табуу ишинин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу коммерциялык эмес уюмдар. Коомдук иш - жарандардын гумандуулуктун баалуулуктарын сактоого жана чыңдоого, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, инсандын өнүгүүгө көмөктөшүүгө жана социумду өркүндөтүүгө багытталган, өз керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына ылайык үчүнчү жактардын же жалпы коомдун пайдасына эркин жана аңдап-сезип тандоонун негизиндеги жеке же жамааттык, ыктыярдуу жана пайда көздөбөстөн жүзөгө ашырылуучу иши. (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205301/st-2)
