# 8-берене. Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын курамы

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 8-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-8

---

1. Коомдук кеңештер Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия тарабынан (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.

2. Комиссия 15 адамдан: үчтөн бири – мамлекеттик oргандардын аппараттарынын өкүлдөрүнөн, үчтөн экиси - жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турат.

Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын жетекчилери, ошондой эле Акыйкатчы (Омбудсмен) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Акыйкатчы (Омбудсмен), мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Комиссиянын курамына туруктуу негизде бирден өкүл дайындашат.

3. Комиссиянын мүчөсү - мамлекеттик органдын өкүлү Комиссиянын курамынан чыгып кеткен учурда, тиешелүү мамлекеттик орган 14 календардык күндөн кечиктирбестен ушул мамлекеттик органдан Комиссиянын курамына жаңы мүчөнү дайындайт.

4. Мамлекеттик орган кандай болбосун убакта Комиссиядагы өз өкүлүн кайра дайындоого укуктуу.

5. Комиссиянын калган 10 мүчөсү (жарандык коомдун өкүлдөрү) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте конкурстук негизде 5 жылдык мөөнөткө шайланышат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-9)
