# 6-берене. Коомдук кеңештердин милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 6-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-6

---

1. Коомдук кеңештер ишин коомчулук менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырууга, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишинин чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча жарандардын жана жарандык коомдун уюмдарынын сунуштарын кабыл алууга жана кароого милдеттүү.

2. Коомдук кеңештин иши жөнүндө маалыматтар (иш планы, жыйналыштарынын ырааттамасы, коомдук угуулар жана башка иш-чараларынын өткөрүлүүчү орду жана убактысы) иш-чара башталганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына жайгаштырылууга тийиш.

3. Коомдук кеңештер өз иши, кабыл алынган чечимдер жана алардын аткарылышы жөнүндө өзүнүн расмий веб-сайты аркылуу коомчулукка милдеттүү тартипте маалымдоого милдеттүү.

4. Коомдук кеңештер ар бир календардык жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен өткөн жыл үчүн өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторун өзүнүн расмий веб-сайтында жарыялоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-7)
