# 4-берене. Коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин максаттары

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 4-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-4

---

Коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иштерине байланышкан коомдук демилгелерди илгерилетүү жана талкуулоо;

2) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго коомдук мааниси бар, анын ичинде стратегиялык мүнөздөгү сапаттуу чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда көмөк көрсөтүү;

3) бюджеттик, займдык (ссуда, насыя), атайын каражаттарды, башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү, эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана администрациялык ведомстволоруна берген техникалык жардамды жана гранттарды кошуп алганда, финансы каражаттарын министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан ачык-айрым жана натыйжалуу пайдаланылышын жогорулатуу;

4) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-5)
