# 3-берене. Коомдук кеңештер жөнүндө негизги жоболор

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 3-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-3

---

1. Коомдук кеңештер - бул министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ушул министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен коомдук башталышта түзүлгөн консультативдик-байкоочу органдар. Коомдук кеңештер өз ишин бул министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго көз карандысыз, ачык жана коомдун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырат.

2. Коомдук кеңештердин иши өз алдынча болуп саналат жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жарандар жана юридикалык жактар жана/же алардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча милдеттенмелерин жокко чыгарбайт.

3. Коомдук кеңештер коомчулуктун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу формаларынын бири болуп саналат. Коомдук кеңештерди түзүү коомчулуктун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана кызматташуусунун башка формаларын, ошондой эле алардын ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашырууну жокко чыгарбайт жана чектебейт.

4. Коомдук кеңештер өз ишин туруктуу негизде ыктыярдуу жана алардын ишине жарандык коомдун өкүлдөрүнүн акысыз катышуу принциптеринде жүзөгө ашырат.

5. Коомдук кеңештердин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-4)
