24-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоо кеңеши пилоттук эксперименттик долбоор катары коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин жалпы эрежелерин алып салуу тартибинде өзүнүн ишин "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 Жарлыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде өзүнүн ишин жүзөгө ашырууну улантат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен ушул Мыйзамга ылайык коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча Комиссия түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн 3 айлык мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.07.2010 · № 49 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-24" title="24-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>