# 22-берене. Коомдук кеңештердин ишинин токтотулушу, кайра уюштурулушу

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 22-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-22

---

1. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство жоюлган учурда, ушул министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңеши өз ишин токтотот.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор кайра уюштурулган (кошулган, бөлүнгөн, бириктирилген, бөлүп чыгарылган) учурда Комиссия тиешелүү коомдук кеңештердин андан аркы иши (кошуу, бөлүү, бириктирүү, бөлүп чыгаруу же ишин токтотуу) жөнүндө чечим кабыл алат. Коомдук кеңештердин кайра уюштурулуучу курамдарына жана алардын резервдерине Комиссиянын кароосу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун кайра уюшулган кеңештеринин мүчөлөрү (толук курамда же жарым-жартылай) киргизилет.

3. Кайра уюштурулган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештеринин Комиссия тарабынан кайра уюштурулган коомдук кеңештердин курамына киргизилген мүчөлөрү алардын адепки шайланган мөөнөтүнө өз ыйгарым укуктарын сактайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-23)
