22-берене. Коомдук кеңештердин ишинин токтотулушу, кайра уюштурулушу
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство жоюлган учурда, ушул министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңеши өз ишин токтотот.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор кайра уюштурулган (кошулган, бөлүнгөн, бириктирилген, бөлүп чыгарылган) учурда Комиссия тиешелүү коомдук кеңештердин андан аркы иши (кошуу, бөлүү, бириктирүү, бөлүп чыгаруу же ишин токтотуу) жөнүндө чечим кабыл алат. Коомдук кеңештердин кайра уюштурулуучу курамдарына жана алардын резервдерине Комиссиянын кароосу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун кайра уюшулган кеңештеринин мүчөлөрү (толук курамда же жарым-жартылай) киргизилет.
3. Кайра уюштурулган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештеринин Комиссия тарабынан кайра уюштурулган коомдук кеңештердин курамына киргизилген мүчөлөрү алардын адепки шайланган мөөнөтүнө өз ыйгарым укуктарын сактайт.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-22" title="22-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>