# 20-берене. Коомдук кеңештердин координациялык кеңеши

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 20-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-20

---

1. Өз алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн коомдук кеңештердин дараметин жогорулатуу максатында коомдук кеңештер Коомдук кеңештердин координациялык кеңешин (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүүгө укуктуу.

2. Координациялык кеңеш министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде, ошондой эле коомдук кеңештердин биргелешкен иштерин координациялоодо коомдук кеңештердин өкүлчүлүктүү органы катары түзүлөт.

3. Координациялык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби, ошондой эле анын иш-милдеттери коомдук кеңештердин делегаттарынын коомдук кеңештердин конференциясында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен бекитилген жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-21)
