20-берене. Коомдук кеңештердин координациялык кеңеши
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Өз алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн коомдук кеңештердин дараметин жогорулатуу максатында коомдук кеңештер Коомдук кеңештердин координациялык кеңешин (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүүгө укуктуу.
2. Координациялык кеңеш министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде, ошондой эле коомдук кеңештердин биргелешкен иштерин координациялоодо коомдук кеңештердин өкүлчүлүктүү органы катары түзүлөт.
3. Координациялык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби, ошондой эле анын иш-милдеттери коомдук кеңештердин делегаттарынын коомдук кеңештердин конференциясында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен бекитилген жобо менен аныкталат.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-20" title="20-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>