# 18-берене. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер менен өз ара аракеттенүү боюнча милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299#diff=1268492..1268493>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 18-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-18

---

1. Министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун жетекчиси өзүнүн орун басарларынын бирин министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңештеги өкүлү катары аныктайт (мындан ары - өкүл), ал туруктуу негизде коомдук кеңеш менен мамилелерде министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун атынан чыгат жана министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

2. Коомдук кеңештин алдыда боло турган жыйналышынын күн тартиби жыйналыш башталганга чейин 2 күндөн кечиктирбестен министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого жиберилет. Өкүл коомдук кеңештин жыйналыштарына жеке өзү катышат. Коомдук кеңештин жыйналыштарына ошондой эле коомдук кеңештин чакыруусу боюнча башка кызмат адамдар катышат.

3. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун комиссияларынын, коллегияларынын жыйналыштарынын өткөрүлүүчү датасы, орду, программасы же күн тартиби жөнүндө жана министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чаралар жөнүндө, алардын өткөрүлүүчү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен коомдук кеңешке кабарлоого жана коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарды өткөрүүнүн кайсы болбосун стадиясында аларга катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство коомдук кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маселелерди коомдук кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу.

5. Коомдук кеңештин бир жылга иш планынын көчүрмөсү аны бекиткен күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, ошондой эле ага ар бир өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин милдеттүү түрдө министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого жиберилет.

6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелери коомдук кеңештин суроо-талаптары боюнча зарыл маалыматты (мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды түзгөн башка маалыматты кошпогондо) берет.

7. Коомдук кеңештин суроо-талабы жиберилген кызмат адамы суроо-талап катталган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен суроо-талапка жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Жоопко суроо-талап кайсы кызмат адамына жиберилсе ошол кызмат адамы же болбосо анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлушу керек.

8. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство коомдук кеңештин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (сунуштары, сунуштамалары же болбосо башка документтери) келип түшкөндөн кийин кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү, анда келип түшкөн кайрылуу боюнча өзүнүн пикирин чагылдырышы керек. Коомдук кеңештин кайрылуусу менен макул болбогон учурда министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство өзүнүн жообун негиздөөгө милдеттүү.

9. Коомдук кеңештин ишин камсыз кылуу (коомдук кеңештин жыйналыштары үчүн жайлар менен камсыз кылуу, талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымдама-маалыматтык материалдарды көрсөтүү үчүн жайды зарыл техникалык каражаттар менен жабдуу, материалдарды көбөйтүү жана д.у.с.) коомдук кеңеш түзүлгөн министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-19)
