17-берене. Коомдук кеңештердин ишин уюштуруу
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Коомдук кеңештин биринчи жыйналышын коомдук кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү ачат.
2. Коомдук кеңештин биринчи жыйналышында ачык добуш берүү менен коомдук кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана Коомдук кеңештин катчылыгы шайланат.
3. Жыйналыш коомдук кеңештердин ишинин негизги формасы болуп саналат. Коомдук кеңештин жыйналышы эгерде ага мүчөлөрүнүн кеминде 3/2синен кем эмеси катышса укук ченемдүү деп эсептелет.
4. Коомдук кеңеш өз ишин коомдук кеңеште иштелип чыккан жана кабыл алынган бир жылдык иш планына ылайык жүзөгө ашырат.
5. Коомдук кеңеш өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан сейрек эмес өткөрөт. Коомдук кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү коомдук кеңеш тарабынан бир жылга бекитилген иш планына ылайык белгиленет.
6. Коомдук кеңештин мүчөсү коомдук кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
7. Коомдук кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат. Коомдук кеңештин жыйналышына катышууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда коомдук кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө жиберүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн пикир коомдук кеңештин жыйналышында каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.
8. Зарыл болгон учурларда коомдук кеңештин жыйналышына анын чечими боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, илимий, профсоюздук жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун ишине тиешеси бар чөйрөдө адистешкен эксперттер жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
9. Коомдук кеңештин жыйналыштары ачык өткөрүлөт, аларга жарандар, жарандык коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.
10. Коомдук кеңештин жыйналыштарына жыйналышта каралып жаткан маселелерге кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катыша алышат.
11. Иш-милдеттерине алдыда боло турган жыйналышта коомдук кеңеш тарабынан каралуучу маселелер кирген министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жыйналыш үчүн зарыл материалдарды жана маалыматты коомдук кеңештин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берет.
12. Коомдук кеңештин жыйналыштарында коомдук кеңештин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ. Коомдук кеңештин чечимдери коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, ага коомдук кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана коомдук кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрү, ошондой эле жыйналышта болбогондор, бирок ушул маселе боюнча ушул Мыйзамда белгиленген жолжобого ылайык добуш бергендер кол коет.
13. Чечимдерди кабыл алуунун жана кароонун жүрүшүндө коомдук кеңештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер коомдук кеңештин өзгөчө пикир айткан мүчөсүнүн демилгеси боюнча протоколго киргизилет.
14. Зарыл болгондо тигил же бул маселелер коомдук кеңештин атайын чечими менен электрондук почта боюнча же коомдук кеңештердин расмий веб-сайтын пайдалануу жолу менен добушка коюлушу мүмкүн. Электрондук почта боюнча же коомдук кеңештердин расмий веб-caйтын пайдалануу аркылуу добуш берүү жолжобосу, ошондой эле ушундай жол менен кабыл алынган чечимдерди протоколдук жол-жоболоштуруу коомдук кеңештин регламенти менен аныкталат.
15. Коомдук кеңештин мүчөсү, эгерде алар коомдук кеңеш тарабынан кабыл алынбаса же бекитилбесе же белгиленген тартипте макулдашылбаса, тигил же бул документтерди, чечимдерди, сунуштамаларды же башка маалыматты коомдук кеңештин атынан жарыялоого, министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого же башка адамдарга берүүгө укуксуз.
16. Зарыл болгон учурда коомдук кеңеш өзүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствомун аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тигил же бул областтарынын жана/же райондорунун аймагында, ушул аймакта жашаган коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен комитеттерди, комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Коомдук кеңештин бул түзүмдөрү анын ишимде министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн иши жөнүндө зарыл маалыматты берүү жолу менен коомдук кеңешке көмөк көрсөтөт, ошондой эле министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмү менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат жана төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) семинарларды, конференцияларды, "тегерек үстөлдөрдү", коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилигин жана кызматкерлерин алардын компетенциясына таандык кылынган маселелерди талкуулоо үчүн өз жыйналыштарына чакыруу;
3) коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго көмөк көрсөтүү;
4) зарылдыгы боюнча туруктуу жана/же убактылуу жумушчу органдарды: комитеттерди, комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-17" title="17-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>