# 16-берене. Коомдук кеңештердин уюштуруучулук түзүмү

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 16-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-16

---

1. Коомдук кеңештердин уюштуруучулук түзүмү төрагадан, анын орун басарларынан жана Коомдук кеңештин катчылыгынан турат Коомдук кеңештин кароосу боюнча бул кызмат адамдары кандай болбосун убакта кайра шайланышы мүмкүн.

2. Төрага:

1) коомдук кеңештин ишин уюштурат;

2) коомдук кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат;

3) коомдук кеңиштин иш планына, чыгуучу жана башка документтерге кол коет;

4) коомдук кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;

5) министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде жана администрациялык ведомстволордо, коомдук жана башка уюмдарда коомдук кеңештин атынан чыгат.

3. Төраганын орун басарлары:

1) төрага болбогон убакта коомдук кеңештин тиешелүү чечиминин негизинде анын милдеттерин аткарат;

2) коомдук кеңештин комиссияларынын жана/же жумушчу топторунун ишин тескейт.

4. Катчылыгы:

1) коомдук кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнү даярдоону уюштурат;

2) коомдук кеңештин ишине уюштуруучулук жана маалыматтык колдоону камсыз кылат;

3) коомдук кеңеште иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле коомдук кеңештин чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүн көзөмөлдөйт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-17)
